super.kg logo
  Саясат  

Депутат Абдалиев акыйкатчыга конвойдун курамына аял кызматкерлерди кошууну сунуштады

 

Бүгүн, 21-майдагы Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери боюнча комитетинин жыйынында өлкөдө адам укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышы боюнча акыйкатчынын 2023-жылга карата баяндамасы каралды.

Аталган маселе боюнча акыйкатчы Жамиля Жаманбаева маалымат берди. Талкуу маалында депутат Мейкинбек Абдалиев Бишкектеги чет элдик студенттер менен болгон окуя тууралуу сөз кылып, бул багытта акыйкатчы тиешелүү иштерди жүргүзүшү керектигин баса белгиледи. Муну менен катар эл өкүлү соттолгон аялдарды төрөт үйүнө коштоп баруу учурунда конвойдун курамына аял кызматкерлерди кошуу зарылдыгын кошумчалады.

Депутат Жанар Акаев балдардын жана аялдардын, эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо багытында бир катар сунуштарын берип, расмий жолугушууларга балдардын катышуусуна чектөө киргизүүгө чакырды.

Комитет төрайымы Чолпон Султанбекова баяндамага көңүл буруп, анда кайрылуулардын жана даттануулардын басымдуу бөлүгү укук коргоо органдарынын иши боюнча түшүп жатканын, бул маселени прокуратура көзөмөлгө алышы керектигин айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: