super.kg logo

Бишкекте жогорку окуу жайлардын жетекчилери менен жыйын өттү

 

Бишкектин Октябрь акимиатынын башчысы Жаныбек Орозалиев райондо жайгашкан 19 билим берүү мекемесинин өкүлдөрү менен жыйын өткөрдү.

Калаа мэриясынан билдиргендей, жолугушууда борбор калаадагы чет элдик студенттер менен болгон акыркы окуя жана шаардагы окуу процессин калыбына келтирүү, туруктуулукту сактоо боюнча зарыл чаралар талкууланды. Жыйынга прокурордун орун басары жана Октябрь РИИБинин башчысынын орун басары катышты.

Анда ЖОЖдордун жетекчилигине чет элдик студенттерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгы боюнча сунуштар берилди. Прокурордун орун басары менен Октябрь РИИБинин башчысынын орун басары өлкө аймагына келген чет өлкөлүк жарандар, бул учурда студенттер иштөөгө укугу жок экенин билдирип, эгерде эмгектенген фактылар аныкталса, аларга мыйзамга ылайык чаралар көрүлөрүн баса белгилешти.

Башчы ЖОЖ өкүлдөрүнө жакында студенттерге барып түшүндүрүү иштерин жүргүзө турганын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: