Оштогу "Кудайберди" унаа тетиктер базары убактылуу жабылды








Бүгүн, 22-майдан тартып "Кудайберди" унаа тетиктер базарындагы бардык тамактануучу жана соода жайлары санитардык эпидемиологиялык талаптарды аткаруу үчүн убактылуу жабылды. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.
Маалым болгондой, Ош шаардык санитардык-эмидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан "Кудайберди" унаа тетиктер базарындагы коомдук тамактануучу жайлардын жана соода түйүндөрдүн абалын көзөмөлгө алып, шаардагы 23 ири коомдук тамактануучу жайларда рейд жүргүзүлдү.
Ага ылайык, аталган соода жайга карата буга чейин жарандардан бир нече жолу даттануулар келип түшкөн.
"Текшерүүнүн жыйынтыгында базардын администрациясына коомдук тамактануучу жайларында, соода түйүндөрүндө зарыл болгон санитардык тазалоону жүргүзүп бүткөнгө, талаптарга ылайык иретке келтирилгенге чейин убактылуу ишмердүүлүгүн токтотуу сунушталды. Ал эми аталган жайларда эмгектенген кызматкерлерди санитардык китепчеси менен камсыз кылуу боюнча эскертүү берилди", - деп айтылат маалыматта.
