super.kg logo

Ошто "Алтын маньяк" 3 адам менен чогуу кармалды

 

Өзгөндө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү жана анын жакындары кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 20-майда криминалдык чөйрөдө "Алтын маньяк" каймана аты менен таанымал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, мурда соттолгон 1977-жылы туулган Т.А. жана Өзгөн районунун тургундары 1996-жылы туулган Н.уулу А., 1986-жылы туулган М.Т. жана О.Б. кармалган. О.Б мурда "Адам уурдоо" беренеси боюнча жоопко тартылган.

"Алар 9-май күнү Куршаб айыл аймагынын жашоочулары 1995-жылы туулган Б.З. жана 1997-жылы туулган Б.уулу З.ны үйүнөн чакырышып, мурда болгон мамилелерди чечүү максатында катуу ур-токмокко алышып, денелерине жараат келтиришип, чала жан кылып, каналга таштап кетишкен. Ал эми жабырлануучулар денесинен оор жаракат алып, аймактык ооруканага кайрылышкан", - деп айтылат маалыматта.

Топтолгон материалдын негизинде жана дайындалган экспертизанын корутундусуна ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон.

Милиция аталган жарандарды кармоо УКМК менен биргеликте ишке ашканын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: