Бишкекте "Ала-Тоо" аянтындагы реконструкция иштери кандай жүрүп жатат? (сүрөт)











Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев нөөмөт транспортунда реконструкциялоо иштери жүрүп жаткан объектилерди кыдырып чыкты. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 22-майда муниципалитеттен тастыкташты.
Маалымдалгандай, калаа башчысы "Ала-Тоо" борбордук аянтынын реконструкциялоо иштери менен таанышты.
Ошондой эле ал оңдоо иштери жүрүп жаткан Д.Өмүрзаков атындагы стадиондун кичи аренасы, Чыгыш-5 кичирайонундагы 18/1 имараты (ал жерде мектепке чейинки билим берүү мекемеси уюштурулат) жана Эркиндик бульварынан кабар алды.
Мындан тышкары Республикалык "Эмгек резерви" дене тарбия жана спорт борборунун аймагындагы стадиондун курулушу менен таанышты.
"Текшерүүнүн жыйынтыгында Айбек Жунушалиев тиешелүү кызматтарга иштин сапаты жана бүтүрүү мөөнөттөрү боюнча бир катар тапшырмаларды берди", - деп айтылат маалыматта.
