super.kg logo

Пакистандык министр ооруканада жаткандарга барып, бирөөнү өзү менен алып кетмей болду

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бишкекке кыска мөөнөттүү иш сапары менен келген Пакистандын тышкы иштер министри Мухаммад Исхак Дар менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө алар Улуттук госпиталда дарыланып жаткан пакистандык жарандан чогуу кабар алышкан.

Мындан тышкары сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар түзүлгөн түз жана туруктуу өкмөттөр аралык байланыштын аркасында акыркы окуялар эки өлкө мамилелерине доо кетире албастыгына канааттангандыгын айтышкан.

Өз кезегинде Эдил Байсалов Мухаммад Исхак Дарга өлкөдөгү чет элдик студенттерге жылуу-жумшак мамиле болорун, жакында болгон окуяга күнөөлүүлөрдүн баары жоопко тартыларын айткан.

"Тараптар ошондой эле эмгек миграциясы маселелерин мамлекеттер аралык жөнгө салуу зарылчылыгы боюнча өз ара түшүнүштү", - деп айтылат маалыматта.

Пакистандын Тышкы иштер министрлиги социалдык тармактагы баракчасына министр Улуттук госпиталга барып, соңку жаңжалда жарадар болгон пакистандык Шахзаиб аттуу тигүү цехинин кызматкери менен жолугушканын жазды.

"Шахзаиб Пакистанга кайтып, өз мекенинде дарылануу каалоосун билдирген. Ооруканадан чыккандан кийин ал тышкы иштер министри менен бирге атайын учак менен Пакистанга келет", - деп жазылды анда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
22.05.2024. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Патриот болгула, ыймандуу болгула сыяктуу куру кыйкырыктар ушундай кесепеттерге алып барат. Сабатсыз кыргыздар ар кимге кол салганды патриот, ыйман деп чечмелеп алышкан.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: