super.kg logo

Бишкекте республикалык “Жаңы кадам” съезди өтүп жатат. Ага Садыр Жапаров келди (сүрөт)

 
Бишкекте бүгүн, 22-майда “Жаңы кадам” социалдык мобилизициялоо боюнча республикалык кеңешме өтүп жатат. Ага президент Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, эмгек министри Гүлнара Батырова, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана “Социалдык келишим” программасына киргендер катышууда.
Белгилей кетсек, "Социалдык келишим" долбоору президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен калктын социалдык жактан аярлуу катмарына жардам көрсөтүү чараларынын бири катары 2022-жылдан бери ишке ашырылып келет.
Анын алкагында үй-бүлөгө жөлөк пул алган жарандар атайын сынактын негизинде тандалып алынып, ишкерлик жүргүзүүгө бир жолку 100 миң сом өлчөмүндө кайтарымсыз жардам алышкан. Бүгүн өлкө боюнча аталган программаны ийгиликтүү ишке ашырып, ишкерлик кылып жаткан катышуучулар чогулду.
Алар съезддин катышуучуларына жеке ишкерлиги тууралуу маалымат берип жатышат.
Эмгек министри Батырова иш- чаранын ачылышында аталган программанын катышуучуларынын эң көбү Жалал-Абад облусунда экенин айтып өттү. Ал билдиргендей, аталган облустун 4003 тургуну "Социалдык келишим" программасына катышкан.
2024-жылы "Социалдык келишим" долбоорун ишке ашыруу үчүн мамлекеттик бюджеттен 2 миллиард сом бөлүнгөн. Быйыл аталган программага 20 миң үй-бүлөнүнүн катышуусу пландалып жатканы айтылган болчу.
Иш-чарада республика боюнча программанын катышуучуларынын 95,6 пайызын аялдар түзгөнү белгиленди.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: