super.kg logo

Эдуард Кубатов Гималайдын Лхоцзе чокусун багындырды 

 

Гиннесс китебине кирген, Альпинизм жана аскага чыгуу федерациясынын президенти Эдуард Кубатов Гималай тоосунун Лхоцзе чокусун ийгиликтүү багындырды. Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды.

Анын айтымында, эч кандай кычкылтексиз Гималай тоосунун 8 миң 516 метр бийиктикте жайгашкан Лхоцзе чокусуна ийгиликтүү чыгышкан. Ал бул ийгиликти кыргыз элине, жерине арнай тургандыгын белгилеп өттү.

"20-майда саат 20:00дө эч кандай кычкылтек колдонбостон Гималай тоосунун 8 миң 516 метр бийиктикте жайгашкан Лхоцзе чокусуна ийгиликтүү чыктык. Жеңишти элиме, жериме жана сүйүктүү мамлекетибизге арнайм. Президентибиз Садыр Жапаровго берген сөзүмдү аткарганга аракет кылып жатабыз. Мындан тышкары бул жеңишти биздин Париждеги Олимпиада оюндарына камданып жаткан улуттук курама командыбызга арнайм. Элибиз тарыхыбызда биринчи алтын байгени чыдамсыздык менен күтүүдө. Кыргызстан алга!" - деп билдирди Кубатов.

Мындан тышкары ал буга чейинки рекордду кыргыздын көрүнүктүү альпинисттеринин бири Сергей Селиверстов койгонун, ал 8 миң 201 метр бийиктиктеги Чо-Ою чокусуна кычкылтексиз чыкканын билдирди.

Белгилей кетсек, Альпинизм жана аскага чыгуу федерациясынын президенти Эдуард Кубатов Гиннесстин рекорддор китебине кирген. Ал Гиннесстин рекорддор китебине Манаслу чокусуна кычкылтексиз чыккан эң жашы улуу эркек адам катары катталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: