super.kg logo

Бишкектеги тигүү цехинде иштеген чет элдиктерди сабоого шектелип дагы беш киши кармалды

 

Бишкектин четиндеги Аламүдүн айылында жайгашкан тигүү цехинде иштеген чет элдик жарандарды сабап, тоноп кетүүгө шектүү жарандар кармалышты. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Милициянын маалыматына ылайык, 18-май күнү саат 04:30 чамасында Аламүдүн айылындагы Курманжан датка көчөсүндө жайгашкан «А.С.Т.» ЖЧКсынын тигүү цехине 60-70тей адам келген. Ал жерде Бангладештин жана Пакистандын жарандары иштеп келген. Топтолгондор чет өлкөлүктөр жашаган жерге мыйзамсыз кирип, сабап, алардын буюмдарын уурдап кетишкен.

Жыйынтыгында 14 чет элдик жаран ар кандай жаракаттарды алып, алардын үчөө №4 оорукананын бет-жаак бөлүмүнө түшкөн.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары беш киши кармалды. Алар: 1968-жылы туулган Б.Б, 1995-жылы туулган Т.Б., 2003-жылы туулган Д.Б, 2003-жылы туулган Р.А жана 2005-жылы туулган А.К.

"Кылмышка шектүүлөрдүн үйүнөн 5 даана Редми, Самсунг үлгүсүндөгү уюлдук телефон, чет элдик каражаттар, тактап айтканда, рупий, ошондой эле ар кандай номиналдагы сомдор, кылмышка шектүүлөрдүн кылмыш болгон күнү кийген кийимдери табылды", - деп билдиришти облустук милициядан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: