super.kg logo

Садыр Жапаров октябрдан тарта пенсия көбөйө турганын айтты

 

Быйыл 1-октябрдан тарта пенсиянын көлөмү көбөйөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-майда “Жаңы кадам” кеңешмесинде сөз сүйлөп жатып билдирди.

Айтымында, пенсиянын көлөмү 6800 сомдон кем болбойт. Өлкө башчысы пенсияны көбөйтүү маселеси боюнча социалдык фондго тапшырма бергенин белгиледи.

“Ушул жылдын 1-октябрынан тартып Социалдык фонд тарабынан дайындалган бардык пенсиялар 6800 сом өлчөмүнөн кем болбойт. Пенсиянын жогорулатуу мөөнөтүн тездетүүнү өтүндүм, Кудай буюрса, пенсияны жогорулатуунун биринчи этабы 1-июлдан башталат”, - деди өлкө башчы.

Белгилей кетсек, "Социалдык келишим" долбоору президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен калктын социалдык жактан аярлуу катмарга жардам көрсөтүү чараларынын бири катары 2022-жылдан бери ишке ашырылып келет. Анын алкагында үй-бүлөгө жөлөк пул алган жарандар атайын сынактын негизинде тандалып алынып, ишкерлик жүргүзүүгө бир жолку 100 миң сом өлчөмүндө кайтарымсыз жардам алышкан.

Бүгүн өлкө боюнча аталган программаны ийгиликтүү ишке ашырып, ишкерлик кылып жаткан катышуучулар чогулду. Алар съезддин катышуучуларына жеке ишкерлиги тууралуу маалымат берип жатышат. 2024-жылы социалдык контракт долбоорун ишке ашыруу үчүн 2 миллиард сом бөлүнгөн. Быйыл аталган программага 20 миң үй-бүлөнүн катышуусу пландалып жатканы айтылган болчу.

Иш-чарада республика боюнча программанын катышуучуларынын 95,6 пайызын аялдар түзгөнү белгиленди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: