super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Ирандын Кыргызстандагы элчилигинин көңүл айтуу китебине жазуу калтырды

 

Бүгүн, 22-майда президент Садыр Жапаров Ирандын Кыргызстандагы элчилигине барып, Иран элине көңүл айтты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

"Садыр Жапаров көңүл айтуу китебине жазуу калтырды, анда Кыргызстан элинин жана жеке өзүнүн атынан тик учактын каргашалуу кырсыкка учурашынан улам Ирандын президенти Ибрахим Раисинин жана бир катар жогорку кызмат адамдарынын курман болгондугуна байланыштуу Иран элинин аза кайгысын тең бөлүшөрүн билдирип, көңүл айтты", - деп айтылат маалыматта.

Ал Ибрахим Раисинин өз өлкөсүнүн ишенимдүү уулу болгонун, бүт өмүрүн мекенге кызмат кылууга арнаганын белгиледи.

Садыр Жапаров Ибрахим Раисинин Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы достук мамилелерди бекемдөөгө жеке салымын кошконун да айтты.

Ал жерде президент Садыр Жапаров тик учактын кыйрашынан каза болгон Ирандын президенти Ибрахим Раиси, тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдуллахиян жана аларды коштоп жүргөн башка адамдарды эскерип, гүл койду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: