super.kg logo

Чет өлкөлөрдөгү абактарда канча кыргызстандык жазасын өтөп жатат? Акыйкатчы менен министрликтин маалыматы эки башка чыгууда

 

Чет өлкөлөрдөгү түзөтүү абактарында 1410 кыргыз жараны жазасын өтөп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 22-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында акыйкатчы Жамиля Жаманбаева билдири.

"Чет өлкөлөрдүн пенитенциардык мекемелеринде 1410 кыргыз жараны кармалып турат. Орусияда 1077, Казакстанда 89, Түркияда 30 кыргыз жараны жазасын өтөп жатат. Кыргызстан жарандары чет өлкөлүк түзөтүү мекемелеринде негизинен мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү, экономикалык кылмыштар, аткезчилик, киши өлтүрүү, ден соолугуна атайылап оор залал келтирүү, тоноо, каракчылык, уурулук жана башка ушул сыяктуу кылмыштары үчүн жаза мөөнөтүн өтөп жатышат", - деди ал.

Ошондой эле Жаманбаева Акыйкатчы институту кыргыз жарандарынын укуктарын коргоодо башка өлкөнүн акыйкатчылары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келе жатканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, парламенттин 16-майдагы жыйынында юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков Кыргызстандын 1587 жараны чет мамлекеттерде соттолуп, жазасын өтөп жатканын билдирген.

Сыдыков мындан сырткары чет өлкөлөрдүн тергөө абактарында 788 кыргыз жараны сот чечимин күтүп отурганын кошумчалаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: