super.kg logo

"Чек ара, мекенге берилгендик, сүйүү..." Баткендин драма театры Бишкекте "Ыйык жандар" спектаклин тартуулады

 

Кечээ, 22-майда Бишкектеги Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында Апаз Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык-драма театры "Ыйык жандар" спектаклин тартуулады. Аны көрүү үчүн борбор калаанын тургундары жана Жогорку Кеңештин депутаттары келди.

Чыгарма Аскар Ражабалиевдин калемине таандык. Спектаклди сахналаштырган Кыргыз Республикасынын Эл артисти, режиссёр Талант Апиев, койгон сүрөтчүсү Айдар Айтматов, музыкасын койгон Алтынбек Нажимидинов.

Спектаклде 2022-жылы сентябрда Баткендеги чек ара окуясында каза болгон чек арачы Жеңишбек Иманбек уулунун баатырдыгы, мекенди коргоодогу эрдиги, сүйүүсү, анын көзү өткөн соң, агасынын аманатын аздектеп, анын сүйүктүүсүнө баш кошкон инисинин окуясы чагылдырылат.

Аталган театр бүгүн, 22-майда Кыргыз Эл жазуучусу Султан Раевдин "Маң миң бир түн" аттуу спектаклин коюшат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: