super.kg logo

Ош шаарында сел кесепеттерин жоюу иштери кызуу жүрүүдө

 

Ош шаарында жарыяланган өзгөчө кырдаал абалынын негизинде селден улам жабыркаган аймактарды калыбына келтирүү иштери уланып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда Ош мэриясынан билдиришти.

Маалымдалгандай, Ош шаарынын жашоочулары тарабынан тосуп алынган селкана жерлерди ачып бошотуу, тазалоо, коммуналдык тармактарда пайда болгон авариялык кырдаалды жөнгө салуу, арык-каналдарды кеңейтүү сыяктуу иш-аракеттер көрүлүүдө.

Ага ылайык, Ош-Ноокат унаа жолунун Ош шаарынын аймагына караган 6-12-чакырымында келген селдин агып чыгуучу нугу болгон эмес. Жаан жааган учурда келген сел жолду каптап, жүргүнчүлөргө ыңгайсыздыктарды жаратып келген. Учурда ал тилкеде сел жана суунун агып чыгуусу үчүн канал казылып жатат.

"Жеринде атайын техникалардын жардамы менен тиешелүү кызматтар иш алып барышууда", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: