Дзюдочу Эрлан Шеров тарыхый жеңишке жетти (видео)

Кыргызстандык спортчу Эрлан Шеров Бириккен Араб Эмираттарында өткөн дзюдо боюнча Дүйнө чемпиондугунда коло медаль тагынды.
Ал 90 килограммга чейинки салмак категориясында беттешке катышкан, анда 50 спортчу катталган.
Финалга чыгуу үчүн беттеште кыргызстандык спортчу Япониянын спортчусу менен беттешип, "голден скордон" гана утулуп калган. Ал эми коло медаль үчүн беттеште Эрлан Шеров 2022-жылдагы дүйнөнүн вице-чемпиону италиялык Кристиан Парлати менен беттешип, аны утуп, коло байгеге ээ болду.
Бул кыргыз дзюдосунун тарыхында Дүйнө чемпиондугундагы алгачкы коло медаль.
Айта кетсек, турнир азыркы учурда Абу-Дабиде өтүп жатат.
Кыргызстандык спортчу Эрлан Шеров дзюдо боюнча дүйнөнүн вице-чемпионун утуп алды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.