super.kg logo
  Саясат  

Нуржигит Кадырбеков кыргыз-тажик чек ара чырында 100дөй фура уурдалганын айтып чыкты

 

Бүгүн, 23-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков кыргыз-тажик чек ара жаңжалында жүк ташуучу унаалар уурдалганын айтып, күч органдарынан издөө иштерине жардам берүүсүн суранды.

Анын айтымында, Лейлек районунун тургундары кайрылышкан.

"Кыргы-тажик чек арасында болгон окуяда бир топ фуралар уурдалган экен. 100 чактысы уурдалган деген маалымат келди, ошонун ондою табылыптыр. Мага кайрылган 2 апа "биз атайын адамдарды жалдап издеттик, акча кетирдик, такыр кабар болбой жатат" дейт. Сиздерде маалымат барбы, жокпу, билбейм. Бирок ушул боюнча иштеп, бизге маалымат берип коюңуздарчы. Тышкы иштер министрлигинен кабар келди, "биз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз, бирок азырынча алардын дайыны табылбай жатат" деп. Ушул аманатты аткарып, маалымат берип койсоңуздар", - деди депутат.

Ошондой эле Кадырбеков алар жүк ташуучу унааларды насыяга алышканын айтты. Бирок эл өкүлү бул окуя кайсы чек ара чырында болгонун тактаган жок.






Жогорку Кеңеш 23.05.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: