Ысык-Атадагы мектепте аялдардын мушташып жаткандагы видеосу тарады

Милициянын маалыматына ылайык, 21-май күнү Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө 1988-жылы туулган Г.С. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызында ал ошол эле күнү саат 12:00 чамасында Красная-Речка айылындагы орто мектептин ичинде Л., Р., М. аттуу аялдар коомдук тартипти одоно бузуп, аны эч себепсиз уруп-сабап, денесине залал келтиргендигин айткан. Натыйжада жабырлануучу Чүй облустук ооруканасына жаткырылган.
Аталган факты боюнча милиция кылмыш ишин козгогон.
Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 1984-жылы туулган А.Л. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда кылмыш иши боюнча соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, тийиштүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Ысык-Атадагы мектепте аялдар мушташты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.