super.kg logo

Ысык-Атада мектептеги мушташтан кийин ооруканага жаткан аял президентке кайрылды (видео)

 

Бүгүн, 23-майда Красная-Речка айылындагы орто мектептин ичинде үч аял себепсиз сабап кеткен жабырлануучу өлкө башчысы Садыр Жапаровго жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, козголгон кылмыш ишин көзөмөлгө алуусун суранды.

Жабырлануучу учурда ооруканада болгондуктан, окуянын чоо-жайын айтып видеосун жарыялаган.

“21-майда Красная-Речка айылындагы мектептин ичине үч аял кирип келип, эч себепсиз ур-тепкиге алышты. Ал учурда мектепте сабак болуп жаткандыктан окуучулар көп болчу. Аялдар бычак менен куралданып келишкен. Бул ишти жеке көзөмөлүңүзгө алууңузду суранам”, - деп калтырган жабырлануучу.

Белгилей кетсек, Чүй облустук милициясы бүгүн, 23-майда Красная-Речка айылындагы орто мектепте жабырлануучуну сабаган шектүү кармалгандыгын кабарлаган. Ал 1984-жылы туулган А.Л. аттуу жаран экендиги аныкталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.






Ысык-Атада мектепте ур-тепкиге калган аял кол салгандардын колунда бычак болгондугун айтты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: