super.kg logo
  Саясат  

Акылбек Жапаров Кыргызстан быйыл "тобокел" абалдан "туруктуу" деңгээлге өткөнүн билдирди

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстандын экономикасы туруктуу өсүү траекториясына киргенин, жаңы ишканалар гана ачылбастан, бүтүндөй жаңы тармактар жана багыттар ачылып, тышкы соода жүгүртүү өсүп жатканын билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 23-майда “Финтех жана туруктуу өнүгүү: Каржынын келечеги” аттуу Бишкек эл аралык каржы форумунда айтты.

Өкмөт башчы өз сөзүндө кыргыз өкмөтү элдин бакубаттуулугун жогорулатуунун үстүндө иштөөнү улантып жатканын белгиледи. Ал жакында эле Moody’s агенттигинин эл аралык насыя тобокелдиги боюнча рейтингинде Кыргызстан быйыл "тобокел" абалдан "туруктуу" деңгээлге өткөнү кубандырганын, эми ушул жылдын соңуна чейин кийинки баскычка көтөрүлүү керектигин кошумчалады.

“Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча биз кирешеси төмөн өлкөлөрдүн категориясынан чыктык. Биздин жан башына номиналдуу ИДП бүгүнкү күндө 2 миң АКШ долларын түзөт, ал эми паритет боюнча 6,5 миң доллардын тегерегинде. Биздин алдыбызда чоң иштер турат. Биздин өлкө адамдык капиталга да, жаратылыш ресурстарына да бай. Биз негизги транспорттук жана геологиялык түйүндөрдүн кесилишинде жайгашканбыз. Бизде эң сонун климаттык шарттар бар. Мамлекет экономикада жетектөөчү күчтүн ролун өзүнө алды”, - деди ал.

Акылбек Жапаров 2019-жылга салыштырмалуу ИДПнын көлөмү 2 эсеге өсүп, 2023-жылы 1 триллион 228 миллиардга жеткенин кошумчалады. Анын айтымында, ИДПнын өсүү темпи 3 жыл ичинде орточо 7 пайыздан кем эмес, банктын капитализациясы 2019-жылдагы 42 миллиарддан жылдын акырына карата 104 миллиардга чейин өстү, ал эми таза киреше 2,9 миллиарддан 24 миллиард сомго чейин өстү. Кредиттик портфел да эки эсеге көбөйүп, 257 миллиард сомго жеткенин билдирди.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: