super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт башчы банктарга бирдиктүү банкомат структурасын түзүүнү сунуштады

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров акча которуулардагы банктык комиссияны кыскартуу зарылдыгын айтып, ошондой эле банктарга бирдиктүү банкомат структурасын түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 23-майда “Финтех жана туруктуу өнүгүү: Каржынын келечеги” аттуу Бишкек эл аралык каржы форумунда айтты.

Анын айтымында, банктар аралык которуулар үчүн комиссиялык жыйымдарды алууну мыйзамдык жактан жөнгө салуу боюнча башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын изилдөө жана кабыл алуу мезгили келди.

"Банктар банкоматтарды орнотууга ири көлөмдөгү ресурстарды коротууну токтото турган мезгил келди. Бул сиздерден өтө көп ресурстарды жана убакытты алат. Биз бардык коммерциялык банктар биригип, бирдиктүү банкомат структурасын түзүүнү сунуштайбыз. Бул да эл аралык тажрыйба экенин жакшы билесиздер. Сиздерден жеке сунуштарыңызды күтөбүз. Эгер андай сунуш болбосо, анда биз нормативдик документтерге да өзгөртүү киргизүүгө даярбыз”, - деди ал.

Мындан тышкары өкмөт башчы Улуттук банк жана коммерциялык банктарга эсептик ченди төмөндөтүүнү тездетүүнү тапшырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: