Катаал шарттагы айылдарда төрөлгөн балдарга жөлөк пул чегерүү мыйзамы үчүнчү окууда жактырылды

Мыйзам долбоорун депутаттар Камила Талиева менен Марлен Маматалиев демилгелеген. Ага ылайык, бийик тоолуу аймакта, барууга кыйын болгон алыскы калктуу конуштарда жана өзгөчө статуска ээ чек ара аймактарында жашаган үй-бүлөдө төрөлгөн 3-баладан тартып 3 жашка чейин ай сайын жөлөк пул берүү каралган. Жөлөк пулдун суммасы кеминде 5000 сомдон болуп, үй-бүлөнүн социалдык-экономикалык абалына карабастан бардык балдарга берилиши керек.
Талиева былтыр 14-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында өлкөдө карылардын саны өсүп, жаштар азайып жатканын айтып, “Алтын бала” программасын иштеп чыгып, мыйзам долбоорун жазганын билдирген.
Белгилей кетсек, учурда жөлөк пул муктаж үй-бүлөлөрдүн балдарына гана чегерилет. Бул аймактагылар дагы ошол тартип менен алып келишкен. Башкача айтканда, катаал шарттагы аймактарда кирешеси жетиштүү делгендердин балдарына жөлөк пул берилген эмес.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:07
2025-06-24
15:15
2025-06-24

17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

