super.kg logo
  Саясат  

Акылбек Жапаров бүгүн Ашхабадга иш сапар менен барат

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 24-майда Ашхабад шаарына иш сапар менен барат. Бул маалыматты өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, Жапаров Ашхабадда КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.

Жыйындын күн тартибинин долбоорунда 12 маселе бар. Анын ичинде энергетика тармагындагы кызматташуу, эл аралык транспорт коридорлорун өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планын кеңири форматта талкуулоо күтүлүүдө.

Мындан тышкары жыйында саламаттыкты сактоо, химиялык өнөр жай, кооптуу калдыктар менен иштөө жана интеллектуалдык менчик жаатындагы укук бузууларга каршы күрөшүү багытында кызматташууга тиешелүү бир катар документтерди кабыл алуу пландалууда.

Түркмөнстанга болгон иш сапардын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушуулар дагы мерчемделип жатканы кошумчаланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: