super.kg logo
  Саясат  

ШКУга мүчө мамлекеттердин Жогорку Сотторунун төрагаларынын XIX Кеңешмесинде биргелешкен билдирүү кабыл алынды

 

Өзбекстандын Ташкент шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө-мамлекеттердин Жогорку сотторунун төрагаларынын XIX отуруму болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 24-майда Жогорку Соттон билдиришти.

Маалымдалгандай, кеңешме Өзбекстандын Жогорку Сотунун төрагалыгы астында өттү.

Ага ылайык, иш-чарага Кыргызстандын, Индиянын, Ирандын, Казакстандын, Кытайдын, Пакистандын, Орусиянын, Тажикстандын, Өзбекстандын Жогорку Сотторунун төрагалары катышышты.

Кеңешменин ишине ошондой эле ШКУнун башкы катчысынын жана ШКУ регионалдык антитеррористтик түзүмүнүн Аткаруу комитетинин өкүлдөрү катышты.

Ошондой эле кеңешмеде байкоочу мамлекеттерден Беларустун Жогорку Соту да болду.

"Тараптар ШКУга мүчө мамлекеттердин Жогорку Сотторунун ортосундагы практикалык өз ара аракеттенүү, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, адилеттүүлүктү, мыйзамдуулукту жана укук тартибин бекемдөө жаатындагы биргелешкен ишмердүүлүктү мындан ары өркүндөтүүгө өбөлгө түзүп, соттук-укуктук реформаларды тереңдетүү үчүн шарттарды түзөрүн баса белгилешти", - деп айтылат маалыматта.

Делегация башчылары мындан ары сот бийлик органдарынын ишмердүүлүгүн санариптештирүү, сот адилеттигин ишке ашырууда жаңы маалыматтык-коммуникациялык технологияларды жана жасалма интеллектти колдонуу маселелери боюнча алдыңкы тажрыйба жана жаңы билим алмашууга даяр экендиктерин билдиришти.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алынды.
ШКУга мүчө мамлекеттердин Жогорку Сотторунун төрагаларынын кийинки юбилейлик кеңешмеси 2025-жылы Кытайдын төрагалыгы астында өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: