Каныбек Туманбаев Бишкектеги мурдагы абактын ордуна курулуп жаткан батирлер кандай болорун көрсөттү (видео)
Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев Фейсбук баракчасына Мамлекеттик ипотекалык турак үйлөрдөгү батирлер кандай болору тууралуу видеосун жарыялады.
Анын айтымында, учурда президенттин тапшырмасы менен бардык жерлерде иш кызуу жүрүп жатат. Үйлөрдүн курулушунун жүрүшүн мамлекет башчысы жеке өзү онлайн көзөмөлдөп турат.
"Аталган батирлер чыныгы муктаждарга берилип, өлкөдөгү турак жай маселеси акырындан чечиле баштайт", - деп билдирди Туманбаев.
Белгилей кетсек, 2022-жылы 29-июнда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 8,5 гектар аянтты ээлеген №47 түзөтүү абагы шаар сыртына көчүрүлгөнүн, ордуна турак жай комплекси курула турганын айткан.
Каныбек Туманбаев Бишкектеги мурдагы колониянын ордуна курулуп жаткан батирлер кандай болорун көрсөттү
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:50
2025-06-27
17:20
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.