Бишкектеги 18-майдагы окуяда 266 маалымат каттоого алынган
Бүгүн, 24-майда ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев парламенттеги “Ишеним” фракциясынын жыйынында 18-майга караган түнү болгон окуяга байланыштуу маалымат берди.
Анын айтымында, чет элдиктер сабалган тополоңго тиешеси бар бардык жарандар жоопко тартылат.
"Азыркы күндө ушул факты боюнча 266 маалымат катталган. Анын ичинен иликтөө жүргүзүлүп, 11 кылмыш иши козголду. Ал кылмыштар "Бейбаштык", "Тоноочулук", "Каракчылык", "Улуттар аралык кастыкты козутуу", "Массалык башаламандык" боюнча тергөө жүрүп жатат. Кылмышка тиешеси бар бардык жарандар аныкталып, кылмыш жоопкерчилигине тартылууда. Бул боюнча күн сайын жумуштар жүрүп жатат", - деди ал.
Абдиев күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга жетиштүү далилдер бар экенин белгиледи.
"Башаламандыкка алып барган бардык жарандар жоопко тартылат. Ички иштер министрлигинин техникалык каражаттары толук жетиштүү. Бизде бүт видеобайкоолор, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү бар", - деди министрдин орун басары.
Ошондой эле ал учурда Бишкек шаарында 4000 милиция кызматкери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканын кошумчалады.
Жогорку Кеңеш 24.05.24
