super.kg logo

Таластагы үч адамдын өлүмү: ИИМ окуянын чоо-жайын айтты

 

23-май түнү Талас облусунун Айтматов районунда үрөй учурган үч адамды өлтүрүү фактысы катталды. Анда 27 жаштагы келиндин эки баласы менен күч колдонуп өлтүрүлгөн жансыз денелери табылган. Ички иштер министрлиги шектүү тоодо кармоо учурунда жок кылынганын билдирди.

ИИМ окуянын чоо-жайы тууралуу маалымат берди. Ага ылайык:

Өз убагында бир туугандар К.Н. жана К.М. ортосунда мүлк талашып, чыр болгон. Бул чырдын натыйжасында 2018-жылы шектүү К.Н. иниси К.М.га бычак менен кол салып, өлтүрүүгө аракет жасаган. Бирок көздөгөн аракети ишке ашпай калган.

Бул факты боюнча ошол эле жылдын март айында К.Н. Кара-Буура райондук сотунун чечими менен адам өлтүрүүгө аракет кылуу беренеси боюнча 8 жылга эркинен ажыратылган.

2023-жылдын март айында шектүү Бакай-Ата райондук сотунун чечими менен пробацияга чыккан. Пробациялык көзөмөл Кара-Буура жана Манас райондору боюнча пробация органдарына жүктөлгөн.

2024-жылдын 23-майда саат 23:00 чамасында 1976-жылы туулган К.Н. эски таарынычын эстеп, өч алууну көздөп, инисинин үйүнө барган. Иниси талаа жумуштары менен алек болуп, үйүндө жок болуп калган.

Ошол учурдан пайдаланып жана өч алууну көздөп барган К.Н. инисинин аялына жана балдарына кол салып, аларды зөөкүрлүк менен өлтүрүп, окуя болгон жерден тоо тараптка изин жашырып качып кеткен.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында шектүү кармоо учурунда жок кылынганы маалымдалды.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: