Бишкекте жолдорду оңдоо иштерине байланыштуу коомдук транспорттордун бир канча каттамы өзгөрөт (тизме)
26-майдан тарта Ахунбаев көчөсүндө Ч.Айтматов көчөсүнөн Токтоналиев көчөсүнө чейин, ошондой эле Байтик баатыр көчөсүндө Токомбаев көчөсүнөн Сүйөркулов көчөсүнө чейин жолдорду капиталдык оңдоо иштери башталат. Бул тууралуу бүгүн, 24-майда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалым болгондой, коомдук транспорттун каттамдары убактылуу өзгөртүлөт.
Ага ылайык, №6 жана №10 троллейбустук каттамдар убактылуу жабылат. Анын ордуна троллейбустар жаңы каттамдарда колдонулат:
"№3 каттам Фрунзе атындагы заводдон Аламүдүн-1 кичирайонуна чейин.
№15 каттам Асанбай кичи районунан Аламүдүн-1 кичирайонуна чейин.
Мындан тышкары №11 троллейбустук каттамдын кыймылы жарым-жартылай өзгөртүлөт. Ал төмөнкү көчөлөр менен багытталат: Ахунбаев, Тыналиев, Масалиев көчөлөрү.
“Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасы” МИсинин линиясы боюнча:
№6 Токтоналиев көчөсү жана Сухомлинов көчөсү;
№9 Токтоналиев көчөсү жана Сухомлинов көчөсү;
№49 Токтоналиев көчөсүнөн Масалиев көчөсүнө чейин; Жукеев-Пудовкин көч. Сүйөркулов көчөсүнө;
№51 Масалиев көчөсү жана Ч.Айтматов көчөсү;
№52 Ч.Айтматов көчөсү, Жаманбаев көчөсү, Токтоналиев көчөсү;
№55 Масалиев көчөсү, Жукеев-Пудовкин көчөсү, Сүйөркулова көчөсү;
№56 Ахунбаев көчөсү, Жукеев-Пудовкин көчөсү, Масалиев көчөсү;
№100 Ч.Айтматов көчөсү, Жаманбаев көчөсү, Малдыбаев көчөсү;
№103 Ахунбаев көчөсү, Жукеев-Пудовкин көчөсү, Масалиев көчөсү;
№146 Масалиев көчөсү Жукеев-Пудовкин көчөсү;
№152 Токтоналиев көчөсү, Медеров көчөсү.
"ЭКО жүргүнчүлөр" ЖЧКсы:
№10 - Айни көчөсү, Токтоналиев көчөсү;
№11 - Токтоналиев көчөсү, Айни көчөсү;
№31 - Ч.Айтматов көчөсү, Айни көчөсү, Токтоналиев көчөсү.
Кичиавтобустар:
№101 - Ч.Айтматов көчөсү, Айни көчөсү, Токтоналиев көчөсү.
№ 131 - Ахунбаев, Малдыбаев көчөлөрүнөн 10-кичирайонго чейин;
№150 - Жукеев-Пудовкин көчөсү, Ахунбаев көчөсү;
№ 199 - Суха-Баатыр, Юнусалиев, Карасаев көчөлөрүнө чейин.
№200 - Токтоналиев көчөсү, Жаманбаев көчөсү;
№ 201 - Ч.Айтматов, Жаманбаев, Токтоналиев көчөлөрү;
№252 - Жукеев-Пудовкин көчөсү, Ахунбаев көчөсү;
№ 295 - Масалиев, Жукеев-Пудовкин, Ахунбаев көчөлөрү;
№104 - Малдыбаев көчөсү, Жаманбаев көчөсү;
№106 - Токтоналиев, Сухомлинов көчөсү;
№130 - Ч.Айтматов көчөсү, Айни көчөсү(Сухомлинов көч.), Токтоналиев көчөсү;
№132 - Токтоналиев көчөсү, Сухомлинов көчөсү (Айни көч.); Жукеев-Пудовкин көчөсү, Сүйөркулов көчөсу;
№ 136 - Токтоналиев, Жаманбаев көчөсү;
№ 175 - Масалиев көчөсү, Жукеев-Пудовкин көчөсү;
№202 - Ч.Айтматов көчөсү, Айни көчөсү, Токомбаев көчөсү;
№204 - Жаманбаев көчөсү, Токтоналиев көчөсү;
№215 - Токомбаев көчөсү, Жукеев-Пудовкин көчөсү, Ахунбаев көчөсү, Токтоналиев көчөсү, Жаманбаев көчөсүнө чейин.
"Урматтуу шаар тургундары, айдоочулар! Жол тыгындарын болтурбоо үчүн Бишкек шаарынын мэриясы каттамды алдын ала пландап, жеке транспорттун ордуна коомдук транспортту колдонууну сунуштайт",-деп билдиришти муниципалитеттен.
