super.kg logo

Ашхабад шаарында Чыңгыз Айтматовдун эстелиги орнотулду

 

Түркмөнстандын Ашхабад шаарындагы Махтумкули Фраги маданий-парк комплексинде Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун эстелиги орнотулду. Бул тууралуу бүгүн, 24-майда Министрлер кабинетинен билдиришти.

Маалым болгондой, эстелик колодон жасалган, анын бийиктиги 3,5 метрге жетет, ал эми постаменти 2,5 метрге барабар.

Белгилей кетсек, 17-майда Түркмөнстандын эл акыны жана философу Махтумкули Фрагиге арналган эбегейсиз парк комплексинин ачылышы президент Сердар Бердымухамедовдун катышуусунда өткөн.

"Парк түзүү идеясы түркмөн элинин улуттук лидери Гурбангулы Бердымухамедге таандык. Парктын аймагында түркмөн акыны жана ойчулунун 60 метрлик эстелигинен тышкары чет элдик жазуучулардын 25ке жакын эстелиги орнотулган", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: