Өлкөдө майыптыгы бар адамдардын саны 213 миңден ашты
Өлкөдө майыптыгы бар адамдардын саны 213 миңден ашты. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова парламенттеги "Ата Журт - Кыргызстан" фракциясынын жыйынында билдирди.
"Майыптыгы бар адамдардын жалпы саны 213 миңден ашты. Анын ичинен 18 жашка чейинки балдардын саны 37 миңден ашык. Бул көрсөткүчтөр жыл сайын өсүүдө. Ден соолугунун абалынан улам саламаттыкты сактоо уюмдарынын көрсөтмөсүн алган жарандар биздин комиссияга келип күбөлөндүрүүдөн өтүшүп, майып статусун алышат. Бүгүнкү күнгө чейин 42 миңге жакын чоңдор жана 17 миңге жакын балдарды күбөлөндүрүүгө алдык", - деди ал.
Ошондой эле Баатырова майыптыгы бар балдардын саны нерв системасынын ооруларынын жана психикалык бузулуулардын себебинен улам көбөйүп жатканын, ал эми чоңдор арасындагы көрсөткүч жүрөк-кан тамыр, онкологиялык оорулар жана иш учурунда алган кесиптик жаракаттардан улам өсүп жатканын кошумчалады.
