“Тизмеде жогу да келип алган”. “Манас” аэропорту чет элдиктер боюнча тарап жаткан видеого түшүндүрмө берди
“Манас” эл аралык аэропортунда чет элдик жарандарды милиция кызматкерлери түртүп, чемодандарына чаап жаткан видео социалдык баракчаларда тарап, коомчулуктун сынына калды.
“Манас” эл аралык аэроптунун маалымат катчысы Азамат Айтбаев окуянын чоо-жайына токтолуп SUPER.KG порталына маалымат берди.
Анын айтымында, мындай жагдай чет элдик жарандардын тартипти сактабай жаткандыгынан улам келип чыккан.
“3-4 күндөн бери чет элдик жарандар үчүн чартердик багыттагы учуулар камсыздалган. Андыктан бул аралыкта аэробекет жүргүнчүлөргө толуп, экинчи кабаттагы асма көпүрөдө унаалардын жүрүүсүнө тоскоолдуктар жаралган. Акысыз учуулардан тышкары башка мамлекетке кетип жаткан жарандар да бар. Аларга тоскоолдуктар болгон. Ошондой эле Пакистандын элчилик берген тизмеден тышкары да чартердик багыт менен учуп кетүүнү каалагандар да келип алышкан. Анын натыйжасында тартип сакталбай, айласыздан ушундай чаралар көрүлгөн”, - деди Айтбаев.
Мындан тышкары аэропортто учурда абал туруктуу экендигин белгилеп, ТИМ кызматкерлери, Пакистандын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү, милиция жана аэропорттун өздүк кызматкерлери чартердик багыттагы учуучу жүргүнчүлөр менен иш алып барып жаткандыгын кошумчалады.
Ал эми социалдык түйүндөрдө тараган тасмалар боюнча түшүндүрмөнү Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы “бомба бар” деген жалган билдирүүгө байланштырды.
Маалымдалгандай, окуя 22-майда “аэробекетке жардыруучу зат коюлган” деген маалыматтан кийин болгон. Анда жүргүнчүлөрдү аэропорттун аймагынан тышкары чыгарууда чет элдик жарандар кызматкерлер айткан тартипке баш ийбей жаткан учурда айласыздыктан көрүлгөн чара экендиги айтылды.
“Тартипти бузгандарга мыйзам чегинде жаза берилет. Ал эми милиция кызматкерлерине дициплинардык мүнөздөгү чара колдонулат”, - деп билдирген маалыматта.
Интернет желесинде тарап жаткан видеого байланыштуу "Манас" аэропорту чет элдик жарандар үчүн чартердик багыттагы учуулар камсыздалгандыгы тууралуу айтса, ал эми Чүй милициясы "бомба бар" деген жалган билдирүүгө байланыштырды.
“Тартипке баш ийбеген”. “Манас” аэропорту жана милиция чет элдиктереге байланыштуу тарап жаткан видеолорго түшүндүрмө берди
