Жайкы Олимпиада оюндарына даярдык көрүү комитетинин жыйыны өттү




Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун жетекчилиги алдында өлкө спортчуларын Парижде өтө турган ХХХIII Жайкы Олимпиада оюндарына даярдоо боюнча уюштуруу комитетинин отуруму болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Билдиргендей, жыйында спортчуларды Олимпиада оюндарына даярдоо боюнча актуалдуу маселелер каралган. Тагыраагы, аккредитациядан өткөрүү, улуттук курама команданын кийимдери, алдын ала машыгууларды жүргүзүү, медициналык тейлөө жана уюштуруу иштери талкууланган.
Аталган жыйынга жетекчилик кылган Байсалов алдыдагы Олимпиада оюндарына жигердүү даярдык көрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, мамлекет тарабынан спортчуларга ар тараптуу жардам көрсөтүлөрүн айткан.
"Учурда кыргызстандык спортчулар 13 лицензия жеңип алышты. Алдыда дагы бир катар лицензиялардын алынышы күтүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.
