super.kg logo
  Саясат  

КМШ өкмөт башчыларынын жыйынында бир катар документтер кабыл алынды (тизме)

 

Бүгүн, 24-майда Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өткөн Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынынын жыйынтыгында бир катар документтер кабыл алынды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Алар:

1. 2035-жылга чейинки мезгилде КМШга мүчө-мамлекеттердин энергетика тармагында кызматташуу Концепциясы жана аны ишке ашыруу боюнча биринчи кезектеги чаралардын Планы жөнүндө;

2. 2030-жылга чейинки мезгилге КМШга мүчө-мамлекеттердин аймактары аркылуу өтүүчү инфраструктураны оптималдаштыруу жана эл аралык транспорт коридорлорун өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын Планы жөнүндө;

3. 2010-жылдын 19-ноябрындагы шайкеш улуттук телемедициналык системаларды түзүү жана аларды андан ары өнүктүрүү жана пайдалануу боюнча КМШга мүчө мамлекеттердин кызматташтыгы жөнүндө Макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протокол жөнүндө;

4. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин ортосундагы химиялык өнөр жай тармагындагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү Концепциясы жана аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар Планы жөнүндө;

5. Кооптуу калдыктар менен иштөө жана айлана-чөйрөгө топтолгон зыяндын объекттерин жоюу жаатында КМШга мүчө-мамлекеттердин кызматташуу концепциясы жана аны ишке ашыруу боюнча 2024-2029-жылдарга биринчи кезектеги иш-чаралар Планы жөнүндө;

6. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин 2030-жылга чейинки мезгилге экономикалык өнүгүү стратегиясын ишке ашыруунун этаптарын колдоо боюнча интеллектуалдык менчик жаатындагы укук бузууларга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө 2024–2030-жылдарга иш-чаралардын Тизмеси жөнүндө;

7. 2023-жылы жүргүзүлгөн КМШ органдарынын бирдиктүү бюджетинен каржылануучу Шериктештиктин органдарынын финансылык-чарбалык ишмердигине документалдык аудиттин жыйынтыгы жөнүндө;

8. КМШ органдарынын бирдиктүү бюджетинен каржылануучу КМШ органдарынын бюджеттен тышкаркы каражаттарын пландаштыруу, пайдалануу жана эсепке алуу жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу;

9. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Башкы катчысынын орун басары жөнүндө;

10. Ашхабад шаарын Шериктештиктин жаңы спорт мүмкүнчүлүктөрүнүн шаары деп жарыялоо жөнүндө;

11. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүү жөнүндө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: