super.kg logo
  Саясат  

Президент Садыр Жапаров жумушчу сапары менен Ысык-Көлгө барат

 

Бүгүн, 25-майда Садыр Жапаров бир күндүк жумуш сапары менен Ысык-Көл облусуна барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Анын айтымында, мамлекет башчысы “Акылман” президенттик лицейинде окуу жылынын аякташына арналган майрамдык иш-чарага катышып, лицейдин окуучуларын куттуктап, билим берүү мекемесинин камкорчулар кеңешинин биринчи жыйынын өткөрөт.

Мындан тышкары өлкө башчы Чолпон-Ата шаарындагы балдардын реабилитациялык борборунун ачылыш аземине катышат.

Алтын балалык” ден соолукту чыңдоочу борборго барат, “Аврора” санаторийинин аймагындагы коттедждик шаарчанын курулушунун жүрүшү менен таанышып, Балыкчы шаарында этти кайра иштетүүчү заводду ачат", - деп билдирди Алагөзов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: