super.kg logo

Бишкекте санитардык нормаларды бузгандарга 300 миңден ашык сомго айып пул салынды

 

Бишкек мэриясы тарабынан таштандыларды белгисиз жайларга чыгаргандарды текшерүү боюнча рейд жүргүзүлүп, бир катар санитардык нормаларды бузгандар аныкталды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалымдалгандай, 23-майга карата жалпы суммасы 552 миң сомду түзгөн 49 протокол түзүлдү. Анын ичинен Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 114-беренесине ылайык антисанитардык абал боюнча 22 протокол түзүлүп, айып пулдун суммасы 226 миң сомду түздү. 115-берененин 1, 2 жана 3-беренелерин бузгандыгы үчүн 145 миң 500 сом өлчөмүндө 12 мыйзам бузуу аныкталды.

Свердлов районунун Курманжан датка көчөсү, 141/1 дарегине башаламан таштанды таштоочу жай пайда болуп, базардын белгисиз ижарачыларынын ишмердүүлүгүнөн чыккан тиричилик жана тамак-аш калдыктары, таштандылар ыргытылат. Жеке ишкер М.К.га антисанитардык абал Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 114-беренесине ылайык үчүн айып салынды.

Ага ылайык, Ахунбаев жана Көк-Жаңгак көчөлөрүнүн кесилишинде кийинки таштанды таштоочу жай аныкталды.

"Альфа медициналык клиника" ЖЧКсынын кызматкерлери тарабынан ташталган медициналык калдыктарды таштаганы үчүн 23 миң сом айып пул салынган.

Ал эми "Аль Ансур" кафесинин ээси тамак-аш калдыктарын чыгаргандыгы үчүн 17 миң сом айыпка жыгылды",-деп айтылат маалыматта.

Жалпы 371 миң 500 сомго айып пул салынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: