Таластагы окуя: Акыйкатчы мамлекеттик органдардан пробациялык көзөмөлдү күчөтүүнү талап кылды
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Талас облусундагы жаш келиндин жана анын кичинекей балдарынын өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүлүшүнө тынчсызданууда. Бул тууралуу бүгүн, 25-майда Акыйкатчы институтунан билдиришти.
"Бейкүнөө балдарды жана алардын энесин өлтүрүү – өтө оор кылмыш.
Мамлекеттик органдар аялдардын жана балдардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык чараларды көрүшү керек, анткени аларга карата зордук-зомбулук күч алууда", - деди акыйкатчы.
Ага ылайык, акыйкатчы тез аранын ичинде сот органдарынан жана Юстиция министрлигинен пробациялык көзөмөлдү колодонуу маселесине көңүл бурууну талап кылды.
Ошондой эле ал кылмышкер шарттуу түрдө абактан бошотулгандан кийин, өч алуу максатында, зордук-зомбулукка кабылгандардын алдына келип, катаал кылмыштарды жасаган биринчи жолку көрүнүш эместигин айтты.
Акыйкатчы оор кылмыштар үчүн соттолгон кылмышкерлерге пробациялык көзөмөлдү колдонуу практикасы кылдат изилдөөнү жана кайра текшерүүнү талап кыларын белгиледи.
"Акыйкатчы институту жалпы коом менен бирге мындай зомбулукту жана ырайымсыздыкты айыптайт.
Биз ушундай кыйын учурда, курман болгондордун үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, сиздер менен оюбуз жана тилегибиз бирге экенин билдиребиз", - деди Жаманбаева.
