super.kg logo
  Саясат  

"Сапарыңар байсалдуу болсун!". Садыр Жапаров бүтүрүүчүлөрдү Акыркы коңгуроо салтанаты менен куттуктады   

 

Бүгүн, 25-майда президент Садыр Жапаров мектеп бүтүрүүчүлөрүн Акыркы коңгуроо салтанаты менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысы өз куттуктоосунда бүтүрүүчүлөргө турмуштун даңгыр жолунда өз ордун таап, өлкөнүн өсүп-өнүгүшүнө салым кошуу менен коом алдында жоопкерчилик алууга даяр болуусу керектигин айтты.

Бүгүн өлкөбүздүн бардык мектептеринде “Акыркы коңгуроо” салтанаты өтүп жатат. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, билим уясынан турмуш сапарына канат каккан бүтүрүүчүлөргө дагы ак жол каалай кетейин!

Бул күн бүтүрүүчүлөрдүн ар биринин жеке жашоосунда эстен кетпей турган эң маанилүү күн! Билим алган мектеп, таалим-тарбия берген мугалимдер менен коштошуп, турмуш жолуна аттанууга акыркы коңгуроо кагылып турат.

Кымбаттуу бүтүрүүчүлөр!

Силер турмуштун даңгыр жолунда өз ордуңарды таап, өлкөбүздүн өсүп-өнүгүшүнө салым кошуу менен коом алдында жоопкерчилик алууга даяр болушуңар зарыл.

Адам баласынын жашоосунда кесип тандоо – өтө маанилүү маселе! Мен силердин "Жети өлчөп, бир кесип”, жеке мүмкүнчүлүк, жөндөмүңөрдү байкап, каалооңор менен акыл көрөңгөңөр туура келген кесипти тандооңорго тилектешмин. Кандай кесипти тандасаңар дагы ата-энеңер, агай-эжейлериңер сыяктуу мен дагы албан-албан ийгиликтерди жаратышыңарды каалайм. Себеби силерге бүткүл өлкө, жалпы журтубуз үмүт артып турат!

Мектептен таалим-тарбия алып, терең билим топтоо менен аттанган сапарыңар байсалдуу болсун!” – деди Садыр Жапаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: