super.kg logo
  Спорт  

Бишкекте салтка айланган "Мурас" футбол турнири башталды

 

Бүгүн, 25-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев футбол боюнча салтка айланган кезектеги “Мурас” достук турниринин ачылышында болду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, аталган мелдеш мамлекет башчысы Садыр Жапаров тарабынан демилгеленип, алтынчы жолу өткөрүлүп жатканын эске салган төрага ар кайсы тармактын өкүлдөрүнөн турган командаларга ийгиликтерди каалады.

Спорт - бул достуктун жана биримдиктин жарчысы. Андыктан бул спорттук иш-чарадагы негизги максат – жеңишти эле багынтуу эмес, ынтымакты даңазалоо жана сергек жашоо образын жайылтуу”, - деди төрага.

Белгилей кетсек, турнирде 16 команда күч сынашат. Алардын катарында Садыр Жапаров баштаган “Президент”, Нурланбек Шакиев баштаган “Жогорку Кеңеш” командалары, агартуучулардан, дарыгерлерден, коопсуздук кызматкерлеринен, дипломаттардан, жергиликтүү жетекчилерден, журналисттерден, ишкерлерден, өнөрпоздордон, спортчулардан, дин ишмерлеринен жана башка тармактардын өкүлдөрүнөн турган командалар бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: