Украинанын президенти Борбор Азия өлкөлөрүнүн журналисттерине интервью берди
Украинанын президенти Владимир Зеленский Казакстандын, Кыргызстандын жана Өзбекстандын журналисттерине интервью берди. Бул тууралуу "Юрта аналитиков" Телеграм каналы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Украинанын президенти менен жолугушууга Orda.kz сайтынын башкы редактору Гүлнара Бажкенова барган. Мындан бир күн мурун журналисттер Зеленский менен бирге сүйлөшүү үчүн Харьковго барышкан.
"Фактор-Друк" басмаканасынын имаратында экспромттуу маалымат жыйыны уюштурулду. Аталган басмаканада Украинадагы ар бир үчүнчү китеп жана ар бир онунчу гезит басылып чыккан.
Белгилей кетсек, Владимир Зеленский өзүнүн Телеграм каналында аталган басмакана бир күн мурун массалык аткылоого кабылганын билдирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:19
2025-06-26

10:19
2025-06-26

9:54
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.