super.kg logo

Быйыл шоу-бизнес өкүлдөрүнөн кимдер 10, 20 жылдык маарекелерин белгилеп жатышат? 

 

Бүгүн, 25-майда мектептерде акыркы коңгуроо кагылып, бүтүрүүчүлөр билим уясы менен кош айтышты. Мындан сырткары 10, 20 жыл мурун окуучулук күндөрү артта калган классташтар да дал ушул күнү кайрадан жолугуп, чоң турмушка даярдаган мектепке жолугушууга барышат.

Быйыл салтка айланган 20 жылдык маарекесин кыргыз шоу-бизнесиндеги кайсы атактуулар белгилеп жатышат?

Эмгек сиңирген артист, ырчы Мирбек Атабеков Бишкектеги №67 мектеп-гимназиясын мындан 20 жыл мурун бүтүргөн. Ал өзүнүн Инстаграм баракчасына учкан уясына барып, мугалимдерин куттуктап келген видеосун жарыялаган.

"Бүгүн мен өз мектебиме бардым. "Мен №67 мектеп-гимназиясын бүтүргөм. Мектепти аяктаганыма туура 20 жыл болду. Мен азыр мага билим, тарбия берген эжекелеримди куттуктаганы келдим. Мугалимдериме терең ыраазычылык билдирем. Бардык мектеп окуучуларын жана мугалимдерди окуу жылынын аякташы менен куттуктайм!" - деди Атабеков.

Ошондой эле ырчы Темир Назаров да мындан 20 жыл мурун мектепти аяктаганын айтып, тилекке каршы, маарекеге кызматына байланыштуу бара албай калгандыгын өкүнүч менен айтты.

"Мен да мындан 20 жыл мурун мектепти бүтүргөм. Бирок бара алган жокмун. Себеби мен Коргоо министрлигинин алдындагы Регионалдык офицерлер үйүндө ырчы катары кызмат кылам. Кыргызстан боюнча турне кылып, ошого байланыштуу бара албадым. Классташтарым да чалып чакырышты. 20 жылдан бери көрө элек классташтарым да бар болчу. Ата мекенге кызмат кылам деп бул кесипти тандагандан кийин, биринчи орунга элге болгон кызматымды койдум",-деди Темир Назаров.

Ал эми ырчы Айдана Дека быйыл 10 жылдык маарекесин белгилөөдө.

Мындан тышкары өлкөдө 10, 20 жылдык маарекенин ээлери жыл сайын акыркы коңгуроодо жакшылык иш кылып жарышат.

Алардын бири, Лейлек районунун Катраң айылында мектепти 20 жыл мурда аяктаган бүтүрүүчүлөр каза болгон классташынын үй-бүлөсүнө үй куруп беришкен. Анда 1986-жылы туулган классташтар маркумдун артында калган балдарына заманбап, бардык шарты менен үй салып беришкен.






Мирбек Атабеков

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: