super.kg logo

Ошто 9 миңден ашык жасалма доллар сатууга аракеттенген жаран кармалды

 

Ошто ири суммадагы жасалма доллар сатууга аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, Ош ШИИББине бир жаран тааныштары менен бирге ири өлчөмдө жасалма доллар сатууга аракет кылып жатканы жөнүндө маалымат түшкөн.

Натыйжада 9,3 миң жасалма доллар сатууга аракет кылган 1992-жылы туулган А.Б. аттуу жаран кармалды.

Эксперттер жүздүк купюра менен болгон 93 даана доллар жасалма экенин аныкташты. Тиешелүү корутунду тергөө кызматына жөнөтүлүп, Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренеси менен кылмыш иши козголду.

"Жасалма акча менен кармалган 1992-жылы туулган А.Б. Ош ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: