Садыр Жапаров жакында Түндүк-Түштүк жолу ачыла тургандыгын айтты
Садыр Жапаров Түндүк-Түштүк жолу жакында ачыларын билдирди. Бул тууралуу президент кечээ, 25-майда Балыкчыдагы эт комбинатынын ачылышында билдирди.
Мамлекет башчы Балыкчыдагы эт комбинатынын ачылышында сөз сүйлөдү.
"Түндүк-Түштүк жолу жакында ачылат. Төрт сааттын ичинде түштүктөн Балыкчыга чейин барса болот. Балыкчы-Макмал багыты боюнча темир жол да курулууда. Кудай буюрса, Макмалга жетсек, түндүктөн түштүккө темир жол менен да каттап калабыз ", - деди мамлекет башчысы.
Белгилей кетсек, Түндүк-Түштүк альтернативалык жолу татаал тоо ландшафттарында курулуп жаткан 433 чакырымдык магистраль болуп саналат. Аталган жол Кыргызстандын түндүк бөлүгүн – Балыкчы шаары, ал эми түштүк бөлүгүн – Жалал-Абад шаары бириктирип турат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:07
2025-06-24
15:15
2025-06-24

17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

