super.kg logo

Акыркы коңгуроо: Бүтүрүүчүлөрдү тоого ташыган 48 унаа аныкталды

 

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы акыркы коңгуроо аземинен кийин бүтүрүүчүлөрдү тоого ташыган 48 автоунааны аныктады. Бул тууралуу, бүгүн, 26-майда ЖКККББдан билдиришти.

Маалымдалгандай, буга чейинки эскертүүлөргө карабастан акыркы коңгуроо аземинен кийин мектеп бүтүрүүчүлөрүн шаардан сырткары эс алуучу жайларга кортеж унаалары менен ташыган өлкө аймагында 48 унаа аныкталды.

Анын ичинен Бишкек шаарында 29 кортеждик жана 16 маршруттук унаалар, ал эми Нарын облусунда мектеп бүтүрүүчүлөрүн шаардан сырткары эс алуучу жайларга ташыган 3 унаа аныкталган.

"Унаалардын ичиндеги бүтүрүүчүлөрдүн баары аймактык милиция бөлүмдөрүнө жеткирилип, ал эми унаалар андан ары тийиштүү чара көрүү үчүн убактылуу токтотуучу айып короо жайына киргизилди.

Ошондой эле бир күн ичинде жалпы 2 миң 909 жол эрежелерин бузган айдоочулар аныкталды", - деп айтылат маалыматта.

Анын ичинен:

- мас абалында унаа башкарган 45 айдоочу;

- тийиштүү докумменттери жок унаа башкарган 34 айдоочу;

- ылдамдыкты ашырып айдаган 559 айдоочу;

Одоно жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 266 автоунаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына киргизилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: