super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Асман шаарынын курулушу келерки айда башталарын билдирди

 

Он күндөн кийин Асман шаарынын курулушу башталат. Бул тууралуу Садыр Жапаров кечээ, 25-майда Балыкчыдагы эт комбинатынын ачылышында билдирди.

Анын айтымында, долбоорго өзгөрүүлөр киргизилип, курулуш иштери бүгүнкү күнгө чейин созулуп келет.

Былтыр биз капсула салгандан кийин аны көргөн чет өлкөлүк өнөктөштөрүбүздөн жөн эле шаар салып койбой, жашыл шаар салалы деген сунуштар түшүп, мурдагы долбоорлоруна өзгөрүүлөр кирип, курулуштун башталышы бүгүнкү күнгө чейин созулуп келди эле. Азыр дүйнөлүк коомчулук жашыл экономикага, жашыл энергетикага талап коюп жатат. Шаар Ысык-Көлгө зыянын тийгизбеши үчүн биз дагы заманбап шаар куруу сунушун кабыл алып, жашыл шаарды баштап жатабыз”, - деди Жапаров.

Белгилей кетсек, шаардын курулушуна расмий түрдө былтыр 30-июнда старт берилген. Президент Садыр Жапаров аталган иш-чарага катышып, шаардын курулушуна капсула салган. Бирок капсула салынгандан кийин курулуш иштери токтоп калган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: