Аксыда аткезчилик жол менен ташылган дары-дармектер аныкталды





УКМК Аксы районунун Кош-Дөбө айылынын тургуну А.М.М. тарабынан уюштурулган дары-дармектердин контрабандалык партиясын ташуу каналына бөгөт койду. Бул боюнча атайын кызмат бүгүн, 27-майда маалымат таратты.
Тургун узак убакыт бою Өзбекстан менен чектеш аймакта контрафактылык дары-дармектерди алып келүү жана ташуу менен активдүү алектенгенге шектелүүдө.
"22-майда козголгон кылмыш ишинин алкагында Аксы районунун Кош-Дөбө айылындагы үйлөрдүн биринде тинтүү иштери жүргүзүлгөн. Анда мамлекеттик каттоодон өтпөгөн дары-дармектердин ири партиясы (361 аталыштагы), алардын айрымдары психотроптук баңгизаттар (15 аталыштагы), ошондой эле ок атуучу куралдар жана чет өлкөлүк унаа номурлары табылган", - деп жазылат маалыматта.
Шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

