super.kg logo
  Саясат  

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Садыр Жапаровду куттуктады

 

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон президент Садыр Жапаровго эки өлкөнүн ортосундагы жакын коңшулаштык жана өнөктөштүк мамилелер жөнүндө келишимге кол коюлгандыгынын 20 жылдыгына байланыштуу куттуктоо телеграммасын жөнөттү. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

"Сизге Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы ынак коңшулаштык жана өнөктөштүк мамилелер жөнүндө келишимге кол коюлгандыгынын 20 жылдыгына байланыштуу чын жүрөктөн куттуктообузду билдирем.

Бул негизги документ мамлекеттүүлүктүн жаңы шарттарында биздин өлкөлөрүбүздүн ортосундагы мамилелердин укуктук негиздерин бекемдеп, өз ара кызыкчылык туудурган бардык тармактарда кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн жагымдуу өбөлгөлөрдү түздү.

Келишимдин жоболорун иш жүзүнө ашыруу мындан ары да конструктивдүүлүк, достук мамилелер, ынак коңшулаштык, өз ара урматтоо жана эки жактуу ишеним принциптеринин негизинде бул процессти натыйжалуу илгерилетүүгө кызмат кылат деп ишенем.

Бул өңүттөн тажик тараптын эки өлкөнүн ортосундагы мамлекеттер аралык диалогду улантууга жана тараптардын көп кырдуу байланыштарын ырааттуу өнүктүрүү боюнча мындан аркы биргелешкен аракеттерге кызыкдар экендигин баса белгилейм.

Ушул жагымдуу мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, урматтуу Садыр Нургожоевич, сизге, чың ден соолук жана мамлекеттик ишмердүүлүгүңүздө ийгиликтерди, ал эми Кыргызстан элине бекем тынчтык жана туруктуулук, өнүгүү жана гүлдөп өсүүнү каалайм", - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: