Депутат ЖОЖдордо мамлекеттик экзамендер үчүн акча чогултуулар болуп жатканын айтты
Жогорку окуу жайларда мамлекеттик экзамендерди тапшыруу үчүн студенттерден акча чогултуулар болуп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 27-майдагы парламенттин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Айбек Маткеримов айтты.
"Мамлекеттик экзамендер башталды, бардыгынан акча чогултмай башталды. Окуйсуңбу, окубайсыңбы, мамлекеттик экзаменге деп баасынан бери айтышат экен. Эмне деген көрүнүш бул? Аймактарга барганда дагы ушундай көп кайрылуулар келди. Кантип анан билим берүүнүн сапатын өнүктүрөбүз?" - деди ал.
Ошондой эле Маткеримов башка өлкөдө жүрүп деле экзамен тапшырган учурлар болуп жатканын кошумчалады.
"Башка өлкөдө туруп экзаменди алып алды деген кайрылуулар түшүп жатат. Умра сапарында жүргөндөр экзаменге кирди деген маалыматтарды айтышты. Карабайсыңарбы ошолорду. Мунун баары жөндөн-жөн болгон жок да. Бул жакта коррупция менен УКМК күрөшүп жатса, бул жакта Билим берүү министрлиги улантып жатат", - деди эл өкүлү.
Жогорку Кеңеш 27.05.24
