super.kg logo

Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн 30 миңдей чет өлкөлүк аныкталды

 

2023-жылдан бери өлкө аймагында мыйзамсыз жүргөн 29 миң 846 чет мамлекеттин жарандары аныкталып, аларга айып салынды. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев парламенттин Социалдык саясат боюнча комитеттин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, салынган айыптардын көлөмү 102 миллион 160 миңди түзгөн.

Ошондой эле Абдиев жыл башынан бери мыйзамсыз кирген чет өлкөлүктөр боюнча маалымат берди.

"2024-жылдагы төрт айда ички иштер органдары тарабынан мигранттарды мыйзамсыз алып келүү жана аны уюштуруу боюнча жалпы 90 кылмыш иши тергелген. Анын ичинен 81 кылмыш иши сотко жиберилген. 6 иш тергелүүдө. Ал эми Укук бузуулар кодексинин негизинде 2024-жылдын төрт айында чет өлкөлүктөр тарабынан 7 миң 259 бузуулар катталган. Айыптардын жалпы суммасы 39 миллион сомду түзөт", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: