super.kg logo

Саламаттыкты сактоо министрлиги алдамчылык фактылары боюнча эскертти

 

Саламаттыкты сактоо уюмдарына байланыштуу алдамчылык фактылары көбөйдү. Бул жөнүндө Саламаттыкты сактоо министрлиги эскертип, жарандарды сак болууга чакырды.

Маалыматта белгисиз адамдар өздөрүн министрликтин кызматкерлерибиз деп тааныштырып, белгилүү бир номерлерге акча которууну суранышып жатканы белгиленет.

"Бардык маселелер боюнча аракеттерди жана формалдуулукту Саламаттыкты сактоо министрлигинин борбордук аппаратынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жооптуу кызматкерлери ишке ашырышат", - деп билдиришти мекемеден.

Буга байланыштуу министрлик жарандарды жана медициналык мекемелердин кызматкерлерин сак болууга чакырды.

"Мындай фактылар тууралуу укук коргоо органдарына же Саламаттыкты сактоо министрлигинин Адам ресурстары жана укуктук колдоо бөлүмүнө 0312 62-18-40 номери аркылуу билдирүүнү өтүнөбүз", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: