super.kg logo

Камчыбек Ташиев көп балалуу жалгыз бой энеге батир белек кылды

 

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Токмок шаарында жашы жете элек сегиз баланы тарбиялап жаткан жалгыз бой эне Айжан Бакаловага үч бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды.

Атайын кызматтан билдиргендей, Бакалова буга чейин Камчыбек Ташиевге турак жай берүү маселесин кароо өтүнүчү менен кайрылган.

Мындан улам Камчыбек Ташиевдин тапшырмасы менен көп балалуу үй-бүлөгө Токмок шаарынын кичи райондорунун биринен бардык тиричилик шарттары жана эмерек буюмдары менен жабдылган үч бөлмөлүү батир тапшырылды.

Өз кезегинде Бакалова аталган батирдин ачкычы үй-бүлөсүнө балдарды коргоо күнүнүн алдында тапшырылганына токтолуп, УКМК төрагасына ыраазычылык билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: