super.kg logo

Свердлов РИИБинин жетекчиси жана 9 кызматкер иштен бошотулду

 

Бүгүн, 27-майда ички иштер министри Улан Ниязбековдун катышуусунда коллегия болуп өттү. Анда Бишкекте 13-майда орун алган окуялар боюнча маселе каралды.

Министрликтин маалымат кызматы билдиргендей, ИИМдин Ички иликтөө кызматынын башчысы Жолболду Кочконов 13 жана 17-майда болгон окуялар боюнча жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен тааныштырды.

ИИМдин коллегиясынын чечими менен ИИОнун бир катар жетекчилерине жана кызматкерлерине тартиптик жазалар берилди.

"Бардыгы болуп 20 кызматкер тартиптик жоопкерчиликке тартылган. Алардын ичинен Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинин 10 кызматкери, анын ичинде башкармалыктын башчысы ээлеген кызматтарынан бошотулду. Мындан тышкары Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жана Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын 10 кызматкери ар кандай тартип жоопкерчилигине тартылды", - деп жазылат маалыматта.

Маалымат үчүн: 17-майда интернет желелеринде Бишкектин чыгыш тарабындагы жатаканалардын биринде бир нече адамдын мушташы тартылган видео тараган. Видеодо окуянын чыныгы жагдайы түшүндүрүлгөн эмес. Ошол себептен коомчулуктун нааразычылыгын жаратып, жергиликтүү толкундоолорго алып келген. 13-май күнү болгон окуяларга нааразы болгон жаштар 18-май күнү кечинде Бишкектеги Курманжан датка көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишине чогула баштап, алардын саны 500дөн 700гө жеткен. Чогулгандар мушташуу фактысы боюнча күнөөлүү адамдарга карата укук коргоо органдары тарабынан чара көрүүнү талап кылышкан.

Өлкө башчы Садыр Жапаров окуяга байланыштуу кайрылуу жасап, мыйзамдын алдында баары бирдей экенин белгиледи. Ошондой эле ал карактоо аракетин кылган ээнбаштардын, алардын мындай аракетин көбүртүп-жабыртып, чоң чууга айлантууну көксөгөн чагымчылдардын арам ойлорун ишке ашырууга жол берилбей турганын кошумчалаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: